Биз менен байланышыңыз

Момбеков: «КТ Мобайл» боюнча түзүлгөн комиссияда мандем бар

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 603 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажаларынын жагдайы үй-бүлөлүк кландык башкарууга кирет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүн териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун парламентке мен бергем. Бирок мени комиссияга мүчө кылбай коюшту. Анткени, мен жагымсыз жагдайларды алып келет окшойм. Өкмөт менен парламенттин ортосунда алдын ала сүйлөшүүлөр болгонбу, айтор, кирбей калдым. «Бул жерде логика жок, саясат болуп калды», — десем, «Ушундай болуп калды, өзүңүз жок болуп калдыңыз», — деген ар кандай шылтоо айтышты. Демек, бир мандем бар», — дейт Момбеков.

Эл өкүлүнүн айтымында, депутаттык комиссиянын түзүлүшү КСДП фракциясынын чечими менен кеткенине караганда, премьер-министрдин отставкасы тууралуу маселе көтөрүлөрү белгилүү болду.

«Алдын ала макулдашуулар болбосо, комиссияны түзүүгө тоскоолдуктар болмок. Дароо түзүлгөнүнө караганда, тар чөйрөдө сүйлөшүүлөр жүргөнүн сезип жатам», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM