Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча эки тарап жолугушту

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 546 | 0

Бишкек шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча Өкмөт өкүлдөрүнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун сызыгын чийүү боюнча сунуштар талкууланды.

Өкмөт өкүлдөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын айрым тилкелерин биргелешип изилдөө жүргүзүү тууралуу макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM