Биз менен байланышыңыз

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Президент менен жолугууну кыялданышат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 661 | 0

«Гүлзар» балдар үйүнүн тарбиялануучулары Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугууну кыялданышат. Алар бул кыялдарынын Рамазан айында аткарылышына аруу балалык сезимдери менен чын жүрөктөн ишенишет.  «Умма» Ислам журналы орозонун алдында «Рамазанда бир баланын кыялын орундат» аттуу кайрымдуулук акциясын баштады.

Маалыматка ылайык, «Умма» Ислам журналы балдар үйүнө барып, тарбиялануучуларга Рамазан айында кайсы тилегинин орундалышын өзгөчө каалап жатканын жаздырышкан.

Балдар үйүнүн эң кичинекей тарбиялануучулары куурчак, чач байлагыч, жарашыктуу кийим кааларын жазышса, чоңураактары велосипед, сабак окуганга ноутбук, чет тилдерин үйрөнүүгө китептерди, чөнтөк телефон алгылары келишерин, коомубуздагы белгилүү инсандар менен жолугууну самашарын жазышкан.

Мындай миң түркүн каттардын ичинде өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугууну каалагандар да бар болгон. Турмуштун оош-кыйышын кичинекей жүрөктөрү менен сезип жаткан балдардын тилеги орундалып, Президент менен жолугуп калышса, бул Рамазан айы алар үчүн унутулгус болот.

Эң башкысы, алар кыялдар орундаларына, ал үчүн болгону колдон келген аракетти жасоо керектигине ынанышып, чоң мотивация алышары шексиз.

«Урматтуу, Президент, бул катымды сизге жазып жатам. Мен сизди жакшы көрөм. Мен шарик алгым келет». (Чекирова Акылай)

«Мен көптөн бери Президент менен жолуккум келет. Эмнеге дегенде, мен ага суроо бергим келет». (Дүйшеева Деңизай)

«Мен Сооронбай Жээнбеков менен жолуккум келет. Эгер мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо мени аны менен жолуктургулачы» (Дүйшеева Назира)

«Мен Президент менен жолугуп, андан белек алгым келет». (Нийматова Нургүл).

Copyright © 2017 Maral FM