Кыргызстанда быйыл 13-апрелден тарта орозо кармалат. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) Орозо айындагы битир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады. Маалым болгондой, битир-садака бере турган адам белгиленген бааларды ыктыярдуу тандайт. Муфтият өлкөдө азык-түлүк баасынын туруксуздугуна байланыштуу битир-садака берген учурда бир нече азык-түлүктүн баасына көңүл бурууну өтүнөт. Окурмандарга так маалымат берүү максатында Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев менен маектештик.
— Битир–садаканын өлчөмү кандай эрежелердин негизинде аныкталат?
— Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Рамазан айы жакындап калганда облусттук казыяттарга кат жиберет. Аймактардагы азык-түлүктүн: ун, арпа, мейиз, буудай жана курманын баалары кандай экенин билүү үчүн маалымат топтойт. Анын негизинде аталган беш азыктын орто баасын аныктап, башкармалыктын Фатфа бөлүмү тарабынан садака-битирдин баасы бекитилет.
— Битир-садака бере турган адам сиз айткан 5 азыктын баарынын баасын кошуп, келип чыккан сумманы бериши керекпи, же бирөөсүнүн баасында эле берсе болобу?
— Кимде ким буудайбы, арпабы, мейизби, курмабы же ун болобу, кайсынысынан берем десе, ар бир жарандын өзүнүн ыктыярында. Тактап айтканда, бир азыктын баасы менен берет. Бирок биз дайыма бир нерсени биле жүрүшүбүз керек, өлкөдө кедей-кембагалдар көп, андыктан алардын да акыбалын эске алганыбыз дурус. Азыр 40 сомго адам тойбойт, баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз дайыма суранып келебиз, көбүрөөгүн берсе жакшы болот.
Быйылкы жылга белгиленген битир-садаканын өлчөмү
— Эмне үчүн жогоруда аталган 5 азык тандалды? Алар жыл сайын алмашып турабы?
— Жок, бул пайгамбарыбыздын убагынан келе жаткан нерсе. Кайсынысы менен? Мисалы, азыр жегенге эмне маанилүү, ошолордон алынган. Бүгүнкү күндө ун, арпа, буудай, мейиз, курма өзгөрүүсүз келе жаткан азыктар. Бул жерден дагы бир жагдайды биле жүргөн жакшы: садака-битирди чоң-кичине, аял-эркек дебей, ар бир жанга берүү керек.
— Битир-садакадан чогулган каражат эмнелерге сарпталат?
— Быйыл Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан атайын токтом чыкты. Токтомдо быйылкы жылы топтолгон садака-битирдин 60%ы жергиликтүү мечиттерге, 15%ы райондук хатибиятка, 15%ы облустук казыятка калат, 10%ы гана Муфтиятка келет. Бул топтолгон каражатты атайын Рамазан айы үчүн түзүлгөн комиссия текшерип, муктаждарга таратып берет.
— Муктаждар кантип аныкталат?
— Рамазан айы башталган биринчи күндөн тарта арыздар кабыл алынып баштайт. Анын негизинде комиссия түзүлөт. Муктаждар үч критерий менен тандалып алынат: биринчиси, оор операция жасалышы керек болгондор; экинчиси, көп балалуу энелер, жардамга муктаждар; үчүнчүсү, башпаанеги жок жардамга муктаждар. Андан кийин комиссия бир бааны бекитет. Маселен, операция жасалышы керек болгон адамдарга мынча сом, муктаж үй-бүлөлөргө мынча сом, квартира же башка маселер менен кайрылгандарга мынча сом деп, анын негизинде ар бирине тегиз бөлүштүрүлөт.
— Битир-садака бардык мечитте кабыл алынабы?
— Ооба, ар бир мечитте атайын садака-битир үчүн үкөктөр коюлат. Садака-битирдин топтолушу шарият боюнча мечиттин суу, жарык жана башка коммуналдык чыгымдарына коротулбайт. Бир сому калбай, муктаж болгондор үчүн берилиши керек.
— Битир-садака бергендер көбөйүп жатабы? Анализ жүргүзүп турасыздарбы?
— Биз жети жылдан бери анализ жүргүзүп келе жатабыз. 2014-жылы 21 млн сом чогулса, 2019-жылы 36 млн сомго чейин чогулду. Жылдан жылга өсүш бар. Ал эми былтыр пандемияга байланыштуу 11 млн сомдун тегерегинде чогулду. Биз эки жылдан бери садаканы электрондук түрдө бере турган система иштеп чыктык. Былтыр пилоттук версия чыккан, быйыл да бардык өлкө аймагындагы «TEREMPAY-24» терминалдары аркылуу садака-битирди, зекетти, үшүрдү, башка кайрымдуулуктарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына салып коё алышат. Бул — элге ыңгайлуу, үйдүн жанындагы дүкөндөн терминал аркылуу же үйдөн чыкпастан телефондук тиркемелер аркылуу жөнөтүп койсо да болот.