Биз менен байланышыңыз

Ош шаарын оңдоп-түзөөгө салым кошкон ишкерлер сыйланды

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 854 | 0

Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жана шаардын инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн ишкерлер мэриянын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыкты мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырып, ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

«Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланып, ачылыш аземи борбордук стадиондо өттү. Кароосуз калган стадионду аз убакыттын ичинде оңдоодон өткөрүүгө жардам бердиңиздер. Эл үчүн, шаар үчүн кылган эмгегиңер зор. Ишкерлерди дайым колдойбуз. Ош шаарында ишкерлерге тоскоолдук болбошу керек», — деди мэр.

Белгилей кетсек, борбордук Акматбек Сүйүмбаев стадионундагы аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү ишкерлердин колдоосу менен аткалды. Мындан тышкары, ишкерлер бир канча долбоорго колдоо көрсөтүп келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM