Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Salam» бренди менен жаңы уюлдук байланыш ачылат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 666 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Альфа Телеком» жана «Кыргыз Телеком» ишканаларынын жетекчилери менен кеңешме-жыйын курду. Анда «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» ишканасынын ортосундагы кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча сөз болгонун Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө маалымдалгандай, «Альфа Телеком» ишканасы «Кыргызтелеком» ААКнын туунду компаниясы болгон «КТ Мобайл» менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантат. Бул өнөктөштүктүн алкагында жакынкы айларда виртуалдык оператор түзүү долбоорун ишке киргизүү пландаштырылган. Анүчүн «Альфа Телеком»  ЖАКы өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператор болот.

Премьер-министр эки мамлекеттик компаниянын кызматташуу идеясын колдойт, анткени, алар өлкөнү санариптештирүү саясатын илгерилетүүнүн негизги инфратүзүмдүк локомотиви болушу керек. Бул өлкө боюнча, анын ичинде эң алыскы жана жетүү кыйын болгон калктуу аймактарда уюлдук түйүндүн камтуу аймагын кыйла кеңейтип, компаниянын абоненттеринин кызыкчылыгында жогорку ишенимдүү байланышты камсыз кылат. Мындан тышкары, бул сыяктуу өнөктөштүк өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болгон «Альфа Телеком» ЖАК компаниясынын кирешелүүлүгүнө оң таасир берерин Премьер-министр айтты.

Кеңешмеде биргелешкен ишмердүүлүктөн түшкөн киреше «Альфа Телекомдун» пайдасына — 67 %, ал эми «КТ Мобайл» үчүн — 33 % принциби боюнча бөлүштүрүлөт.

«Альфа Телеком» менен «КТ Мобайл» ишканасы жыштыктарды биргелешип пайдалануу жөнүндө уюлдук операторлор арасындагы аукциондун жеңүүчүсү болгон. Талаш маселелер чечилген соң, тараптар кызматташтыкты улантышты. «Альфа Телеком» ЖАК  Кыргызстандын рыногунда  «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук операторду бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Copyright © 2017 Maral FM