Ушул жылдын алгачкы 4 айында Тажикстанга алыскы жана жакынкы 38 өлкөдөн 20 млн. доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам келгенин «Авеста» агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматы боюнча, ун, өсүмдүк майы, дары-дармек түрүндө келген гуманитардык жардам 6,4 миң тоннадан ашкан.
Гуманитардык жардамдын эң көбү Орусиядан 14,8 %, Швейцариядан 13,9 %, Кытайдан 5,5 %, Япониядан 3,7 % жана башка өлкөлөрдөн келген.