Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

Билим-маданият | 15 мая 2019 | 687 | 0

Маалыматка ылайык, быйыл 51 миндей бала мектепти аяктайт. Азыркы учурда Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн 41 миңдей абитуриент каттоодон өттү. Мунун ичинде мектепти быйыл аяктагандардан тышкары, буга чейинки бүтүргөндөр да бар. Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Төлөсбай Абылкасымовдун айтымында, бул жылы өзгөчөлүк катары «Кыргызтест» да киргизилген. Бирок андан өтүү милдеттүү эмес.

— Быйылкы өзгөчөлүк — абитуриенттер өз ыктыяры менен «Кыргызтесттен» да өтө алышат. Эгерде эки абитуриенттин упайы окшош болуп калса, «Кыргызтесттен» сертификат алганына артыкчылык берилиши мүмкүн.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген маалыматка ылайык, тесттин биринчи этабы 18-19-майда, экинчи этабы 21-22-майда өтөт. Борбордун адиси Чынар Батракееванын айтымында, эгерде буга чейин каттоодон өтүүгө жетишпей калгандар болсо, 17-20-май күндөрү атайын борборлордон каттоодон өтө алышат. Ал үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:

— Сөзсүз түрдө паспорту болушу зарыл. Эгерде 16 жашка толо элек болуп, учурда акыркы классты бүтүрүп жатса, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен мектептин маалымкаты керек. Ал маалымкатта абитуриенттин сүрөтү, окуу жайдын мөөрү жана жетекчинин колу коюлушу шарт. Ансыз каттай албайбыз. Андан тышкары, 3*4 өлчөмүндөгү эки сүрөт ала келишет. Мектепти мурун бүтүргөн болсо, аттестаттын түп нускасын тапшырышат. Ошондой эле банктан акча төлөнгөндүгү тууралуу квитанция кажет.

Чынар Батракеева жыл сайын тест башталардын алдында «тесттин жоопторун алып берем» деген алдоолор да болорун эскертип, сактыкка чакырды. Ошондой эле, буга чейин бирөөнүн ордуна экзаменге кирген фактылар да катталганын айтты. Мындай учурлар катталса, дисквалификация болорун эскертти.

— Буга чейин мындай учурлар көп эле болуп келген. Бирөөнүн ордуна тест тапшырууга киргендерди «каскадерлор» деп коебуз. Алар колунан келишинче окшоштурууга аракет кылышат. Бирок баары бир кармайбыз. Анткени, ар бир тест борборунда атайын ИИМ кызматкерлери иштейт. Аларга ошондой факты менен кармалгандарды өткөрүп беребиз. Тесттин жообун берем дегендерге да алданбагыла. Анткени, жооптор азыр эч кимде жок. Туура жооптор тестирлөө бүткөндөн кийин гана чыгарылат. Демек, алданып каласыңар.

Белгилей кетүүчү жагдай, тестке кире турган абитуриентин жанында китеп, ар кандай электрондук каражаттар, иштебеген телефон, планшет сыяктуу буюму болбошу керек. Эгер андай буюмдар табыла турган болсо, тесттен четтетилет.

Copyright © 2017 Maral FM