Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө 41 миңден ашуун абитуриент катталды

Кыска кабар | 15 мая 2019 | 578 | 0

Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 18-майдан 22-майга чейин өткөрүлөт. Тестке өлкө боюнча 41286 абитуриент катталды. Мындан улам, өлкө боюнча 114 тест борбору уюштурулат. Бул тууралуу Билим жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынар Батракеева билдирди.

Ошондой эле, 17-20-май күндөрү саат 13.00дөн 17.00гө чейин ар кандай себептер менен каттталууга жетишпей калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Чынар Батракеева «ЖРТдан жогорку упай алып берем жана тесттердин жоопторун алып берем» дегендер көбөйө тургандыгын айтып, алдамчыларга ишенбөөгө,  балдарды сынакка өз күчү менен даярданууга үндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM