Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Орусиянын жана Кытайдын Коопсуздук кеңешинин катчыларын кабыл алды

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 419 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү абдан маанилүү.

«Россия тарап ЕврАзЭБ шарттарына ыңгайлашуунун алкагында техникалык жардам көрсөтүп, бир нече жаңы чек ара заставаларын куруп берди. Жаңы автоунаа жана атайын техникалар келип түштү. Биздин Куралдуу күчтөргө тик учактар жана аскердик техникалар берилди. Мындай жардам терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, ошондой эле региондо жана аймакта туруктуулукту бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Николай Патрушев эл аралык уюмдардын алкагында Орусиянын позициясын колдогону үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жана Николай Патрушев коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы туруктуулукту сактоо, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагындагы кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашты.

Мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды.

Анда мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу кызматташууга чоң маани бере турганын айтты.

Чжао Кэчжи кыргыз тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына жана Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алдыдагы визитине активдүү даярдык көрүлүп жатканын баса белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM