Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өндүрүш көп болушу үчүн инвестор маселесин чечүүгө тийишпиз

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 456 | 0

Өкмөттүн эң башкы милдеттеринин бири – жаңы жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны, социалдык жөлөк пулдарды жана пенсияларды жогорулатуу. Өлкөдө өткөн жылы бир катар ири, орто жана чакан ишканалар ачылып, 77 миңден ашуун иш ордун түзүүнү шарттаган. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө суроо-талап бар, экспортко багытталган өндүрүшкө басым жасоо керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев монолиттик биметаллдык радиатор чыгаруучу заводдун ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө баса белгилегендей, ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдө инвестициялар жана жаңы өндүрүштү ачуу маанилүү роль ойнойт, алар туруктуулуктун жана инвестициялык жагымдуулуктун күбөсү.

Премьер-министр эскерткендей, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ата мекендик ветеринардык тутум Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына эквиваленттүү деп таанылган.

«Биз инвесторлорду колдоп, мындай өндүрүштөр көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз. Быйыл өлкөдө бир катар жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы пландалууда. Либералдык салык тутумун эске алганда, өндүрүштү өстүрүү жана экономиканы бекемдөө үчүн бизде бардык шарттар бар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Завод менен таанышкан соң, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизүүгө ар тараптуу аракеттешүүнү тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM