Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда 4 үй өрттөндү

Кыска кабар | 14 мая 2019 | 630 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунда 4 турак үй өрт чыкты. Бактыга жараша жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2019-жылдын 13-май күнү саат 20:20 чамасында Оштун Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылындагы Ибн-Сина көчөсүндө катар жайгашкан төрт үйдүн болжол менен жалпы 629 чарчы метр жыгач устундуу темир чатыры күйгөн. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Өрт саат 21:22де чектөөгө алынып, саат 22:36да толугу менен өчүрүлгөн. Ага ӨКМдин башкармалыктарынан, куткаруу  борборлорунан жалпысынан 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Мындан сырткары, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматынан 1 бригада, Газпром мекемесинен 4, РЭТ кызматынан 2 кызматкер тартылган.

Өрттүн келип чыгышына электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу (электр зымдарынын кыска туташуусу) себеп болушу мүмкүн деген алдын ала божомол айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM