Биз менен байланышыңыз

Кайгуул кызматы эми паракорчулуктан оолак болот

Коом | 13 мая 2019 | 688 | 0

Кайгуул кызматына кызматкерлерди кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыяланды. Сынак 4 этаптан туруп, электен өткөндөр 3 ай окушат. Материалдык-техникалык базасын камсыздоо үчүн жана долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен жалпысынан 381 млн. сом каралган. Маалыматка ылайык, кызматкерлердин айлыгы да эки эсе көтөрүлөт.

Жаңыдан түзүлө турган Кайгуул милиция кызматына кызматкерлерди алууга 6-майда сынак жарыяланды. Сынакка катышууну каалагандар үчүн жол-жобо, талаптар министрликтин сайтында жайгашкан. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, өкмөт апрель айында бул кызматты түзүү тууралуу токтом чыгарган.

— Бул кызмат жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо менен коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Ал үчүн бюджеттен акча каралган. Биринчи кезекте заманга жараша техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо маселеси коюлган.

Маалым болгондой, жол коопсуздугун камсыздоо максатында түзүлгөн кызматтын аты бир канча ирет өзгөртүлүп, акыркы жолу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы боюнча калган. Мындан улам серепчилер кызматтын атын өзгөртүү менен жыйынтык болот дегенге кошула беришпейт. Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы Тамерлан Ибраимов: «Бул кызматтын ишке кириши менен коррупциялык көрүнүштөргө да бөгөт коюлат», — деп ишендирүүдө. Анткени, кызматкерлерди алууда сынак ачык болот жана кызматкерлердин айлык акысы да эки эсе көтөрүлөт. «Демек, мурда аз айлык акыга иштеп жүргөн милиция эми паракорлукка барбайт», — дейт.

— Сынак 4 этаптан турат. 1-этап тест түрүндө жүргүзүлөт. Ал мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырып жүргөн системанын негизинде өтөт. Андан кийин аңгемелешүүлөр орун алат. Сынакта тааныш-билиш болбойт. Анткени, 14 кишиден турган комиссияга Ички иштер министрлигинен 6, жарандык коомдон 8 адам кирген. Анын үстүнө тестти өткөргөн борбордун ишине эч ким кийлигише албайт.

Азырынча долбоор пилоттук негизде Бишкек шаарында ишке ашат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Бишкек шаарына 800дөй кызматкер алынат. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиевдин айтымында, Кайгуул кызматы жөө жана автокайгуул болуп бөлүнөт.

— Бишкек шаары болжол менен 235 чарчыга бөлүндү. Авто патруль үчүн 1 чарчыга 8 км туура келет, ал эми жөө патруль үчүн 1 чарчыга 1 км туура келет. Биздин болжолдуу эсеп боюнча күн сайын 3 нөөмөт менен 600дөй кызматкер ишке чыгат. Алар жаңы конуштарда да иш алып барышат.

2018-жылы Кайгуул кызматын түзүү боюнча президенттин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага кирген серепчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү мурдагы кызматтын кемчиликтерин кайталабай, ар тараптуу иштеп чыгышкан. Анализдөө жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеевдин айтымында, 2016-жылы түзүлгөн Кайгуул кызматына акча каралып, бирок бөлүнбөй калган. Бул жолкусунда бюджеттен каралганын билдирди. Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашышы кайгул кызматынын жакшы натыйжа беришине себеп болот.

— Мурдагы менен азыркы кайгуулдун айырмасы бар. Биринчи кезекте каржы маселеси чечилди. Экинчиден, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Үчүнчүдөн, автоунаалар үчүн бериле турган бензин маселеси да чечилген. Атайын автоунаалар сатылып алынат. Ал кызматкерлер бир гана жол кыймылынын коопсуздугун эмес, коомдук тартипти да көзөмөлдөйт.

Белгилей кетсек, жарыяланган сынакка министрликтин ички түзүмү менен катар, жарандык коомдор да катыша алат.

Copyright © 2017 Maral FM