Биз менен байланышыңыз

Элчинин жоругу: Эске алынбаган этика

Коом | 13 мая 2019 | 1241 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына нааразы болгон тасмасы интернетке тарап чуу жаратууда. Видео тасмадагы «Түркия 35 млн. долларлык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу?» — деген сөздөр коомчулукта резонанс жаратты. Социалдык тармактагы колдонуучулардын айрымдары Түркиянын элчиси кыргыз элинен кечирим сурашы керек дешсе, айрымдары Түркия элчисин чакыртып алуусу керек дешүүдө.

Аз убакыттын ичинде социалдык тармактарда бат тараган видео учурда кызуу талкууда. Анда Бишкектеги ресторандардын биринин алдында элчи менен муфтийдин диалогу тартылган. Тасмада Түркиянын элчиси муфтият уюштурган ооз ачар иш-чарасынан чыгып кетип жатканын көрүүгө болот. Ал: «Эмне үчүн мени террорчу Орхан Инанды менен кошо чакырдыңар? Ушундай да болобу?» — деп нааразы болгон. Ошондой эле муфтийге карата: «Биз силерге 35 миллион долларлык мечит салып берсек, кылган мамилеңер ушулбу? Мындан ары муфтият жөнүндө уккум да келбейт!» — деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков: «Адамдык сапаты жагынан да, элчи катары да Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыраттын мындай мамилеси маданиятка жатпайт», — деп билдирди. Себеби, башка өлкөдө орун алып жаткан саясий иштер ошол жакта гана күчүндө болот, ал эми конок катары чакырылган адам өз ордун билиши керектигин айтат.

— Элчинин жасаган мамилеси кай тарабынан албайлы, акылга сыйбайт. Биринчиден, дипломатиялык жүрүм-турумга туура келбейт. Ал эми диний жактан алып караганда, ыйык Рамазанда элдин көңүл чордонунда туруп чыр чыгарганы туура эмес. Мындан улам, коомчулукта: «Кыргыз эли тилекке каршы, дагы деле өз алдынча мамлекет экенин сезе элек жана туя элек экен», — деген ой калды. Бул жерде Тышкы иштер министри жана президент тууралуу да сөз чыгып кетти, алар да сөзсүз түшүндүрмө бериши кажет. Четте карап турбашы зарыл. Себеби, биздин мамлекет качанкыга чейин басынып жүрө берет? Аны менен катар Түркия элчилиги кыргыз элинен кечирим сурашы керек жана өзүнүн өлкөсүнө кетиши керек. Башка боло турчу жагдайларды күтпөшү абзел.

Анткен менен, дипломат Мамбетжунус Абыловдун пикиринде, конокко чакырып жаткан адам тизмени дыкат карап чыгуусу керек. «Түркия мамлекети менен кыргыз эли бир туугандай болуп, бири-бирине жасаган мамилеси өзгөчө болгондуктан, буга чейинки кырдаалга саресеп салышы керек эле», — дейт Абылов. Ошондой эле, «Ооз ачарга экөөнү бөлүп чакырганда, мындай жагымсыз жагдай катталбайт болчу», — деген ойду кошумчалады.

-Бул жерде эки багыттуу күнөө бар. Алсак, баарыбызга белгилүү болгондой Түркия мамлекети өз ара ызы-чуу болуп жүргөнүн билебиз да. Эмне үчүн ал адамдарды биргеликте ооз ачарга чакырышат? Орозо отуз күн. Эки күнгө бөлүп чакырышса деле болмок да. Ал эми экинчи багыты, аталган мамлекет эч качан өзүнүн ички саясатын башка жакта аралаштырбашы керек болчу.

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Түркия элчисинин жасаган кадамы, чыгарган чыр-чатагы туура эмес деген ойдо. Кыргызстан Түркия үчүн болгон шартты түзүп, долбоорлорун колдоп келгенин айтып, элчинин мамилесине нааразы. Аны менен катар Молдалиев кыргыз эли башка мамлекеттен карыз сурабай, жалкоолукту жоюп, айткандардан таасир алышы керектигин билдирди.

— Элчи чатак кылбай, баарынын көзүнчө ызы-чуу чыгарып, «Мечит салып бергенбиз», — деп жарыялабай, жумшак, билимдүү адамдай, «Жумуштарым чыгып калды», — деп эле кетсе болмок. Мечитти өзү салыптырбы? Тескерисинче, алар бизге рахмат айтышы керек. Себеби, бардык ишканаларын жана долбоорлорун колдоп келебиз. Бишкектеги ири-ири дүкөндөрдү иштетишет. Биз ага да макул болдук. Эки жакты караш керек да. Кыргыз элинин да күнөөсү бар. Бергенин аңдабай ала беребиз, соңунда өзүбүз эле запкы жейбиз.

Бул окуя боюнча, биздин редакция муфтияттын маалымат кызматына байланышып, аталган жагдай боюнча пикир сурадык. Алардын айтымында, болгон окуя ошол жерден эле чечилип, учурда жагдай тынч.

— Бул окуя ошол эле күнү чечилген. Акыбал жакшы, курчуган жок. Болгону, ошондо бир аз пикир келишпестиктер орун алып кетти.

Депутат Мирлан Бакиров Түркиянын элчиси бара турган жагына кимдер келерин тактап, анан барса болмок деген пикирде. «Себеби, чуу жараткан видео тасманын залакасы көп адамдарга тийип, муфтиятты ыңгайсыз абалда калтырды», — дейт Бакиров.

— Элчилик — дипломатиялык орган. Ал бир мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, башка мамлекетте иш алып барат. Элчилик эгерде расмий чакырылса, пикир келишпестиктер болуп кетерин сезсе, эртерээк тизмени карап, анан келсе болмок. Келгенден кийинки кылган мамилеси көп адамды ыңгайсыздыкка алып келип, кыйнап койду.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Түрк элчиси менен болгон жагдайга «ак же көк» деп айта элек. Аталган мекеменин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаевге кайрылганыбызда, адаттагыдай эле бул боюнча комментарий бере албайбыз деп ийин куушурду.

— Бул боюнча учурда комментарий бере албайбыз. Баары такталып калса эле, ММКга маалымат таратабыз.

Кошумчалай кетсек, Түркия Кыргызстанга эң көп карыз берген өлкөлөрдүн бештигине кирет. Учурда Кыргызстандын Түркияга дээрлик 100 миллион долларга жакын карызы бар.

Эске салсак, түркиялык дипломаттардын кылган жардамдарын колко кылып, кекеткен жагдай буга чейин да болгон. Анда ошол кездеги түрк элчиси Метин Кылычтын: «Түркия Кыргызстандын БУУдагы мүчөлүк акысынан бери төлөйт», — деп айтканы бар. Бул окуя да коомчулукта бир топ талкуу жараткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM