Биз менен байланышыңыз

Үч тажик жараны чек арадан мыйзамсыз өттү делип айыпталууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2019 | 456 | 0

Чек арадан мыйзамсыз өттү деген айып менен Тажикстандын үч жараны кармалды. Бул туурасында тууганы Мирасрор Фаргони жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Дүйшөмбү шаарынын 62 жаштагы тургуну Рано Болтаева сиңдиси жана иниси менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы СИЗОдо 1-майдан бери кармалууда. Аталган жарандар апасынын тажиясына эрте жетүү максатында Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүп кетишкен.

Энесин жерге берүү зыйнатынан кийин Өзбекстандын бийлиги аталган Тажикстандын 3 жаранын Кыргызстандын бийлигине өткөрүп берген.

«Алар, анын энеси менен коштошуу үчүн Сох  анклавына кирип, мындай болуп калышын билишкен эмес. Тажикстандын бийлиги ушул күнгө чейин аларды кайтарып алууга эч кандай чара көргөн жок», — деген тууганы Мирасрор Фаргони.

Сох анклавы Өзбекстандын Кыргызстандагы эң чоң анклавы болуп эсептелинет.

Copyright © 2017 Maral FM