Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 619 | 0

12-майда Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл дубанынын чыгыш аймагында күн күркүрөп, жаан жаайт.

Тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Баткен аймагында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…18, күндүз 24…29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Нарын аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндуз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт. Жаан-чачын болбойт.

Copyright © 2017 Maral FM