Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ысык-Көлдө ШККУ марафону башталды

Кыска кабар | 11 мая 2019 | 523 | 0

Бүгүн, 11-майда Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун марафону башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл аралык марафонду өткөрүү үчүн мамлекеттен 10 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Марафонго ШКУнун мүчө мамлекеттеринин алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын спортчулары да катышып жатат.

Эске салсак, марафонго бөлүнгөн жалпы байге фонду 1 млн. 918 миң сомду түзгөн. Абсолюттук жаш курак категориясында марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында): 1-орунга – 210 миң сом. Абсолюттук жаш курак категориясында жарым марафон (кыз-келиндер жана эркектер арасында): 1-орунга – 70 миң сом экени, башка категориялар да баалуу белектер менен сыйланары айтылган. Мындан сырткары Сатымкул Жуманазаровдун жана Ирина Богачеванын рекордун жаңырткан жөө күлүктөр кошумча 3 миң  доллар менен сыйланышат.

Copyright © 2017 Maral FM