Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы нефтебазадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 1054 | 0

Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп бүттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады.

Өрттү өчүрүүгө 17 техника, 170тей кызматкер ишке тартылып, 9 сааттан ашык убакытка созулган.

ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Равшанбек Ашырбековдун аймактык кабарчыбызга берген маалыматында, күйүп кеткен нефтинин көлөмү болжол менен 1000 куб метрден ашык болушу мүмкүн. Өрт чыккан аймак толук курчоого алынган. Өрт кайра тутанбашы үчүн алдын ала чаралар көрүлгөн.

Мындан тышкары, аталган башкармалыктын башчысы бул боюнча атайын комиссия түзүлөрүн, алар өрттүн келип чыгуу себептери, кеткен чыгым боюнча иликтеп чыгып, кошумча маалымат беришерин билдирди.

Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 9:59да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы бөлүмүнө Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

   

Copyright © 2017 Maral FM