Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы өрттү өчүрүүдө 12 өрт өчүрүү бөлүмү иштөөдө

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 522 | 0

Жалал-Абад шаарындагы мунай базасынан чыккан өрттү өчүрүүгө Өгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 12 өрт өчүрүү бөлүмү, 2 автошаты, мындан тышкары жеке ишканалардан 4 өрт өчүрүүчү унаа, Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуунун күч каражаттары тартылган. Өрттү өчүрүүгө көбүк (пена) колдонулууда.

Ошондой эле, Өгөчө кырдаалдар министрлиги мындай өрттү өчүрүүгө тик учак колдонулбашын белгилешет. Тик учак өрт чыккан обьектиге өрт өчүрүүдө колдонулуучу көбүктү алып барууга ылайыкталган эмес. Көбүк өрт өчүрүүчү унаа менен гана күйүп жаткан обьектиге берилет. Нефти сакталуучу жайларда өрт катталганда дүйнөлүк тажрыйбада тик учак менен өчүрүү колдонулбайт. Эгерде токойлордо, талаада же бийик кабаттуу имараттарда ири өрт катталса, тик учак колдонуу натыйжасын берет.

Copyright © 2017 Maral FM