Биз менен байланышыңыз

Экспорт менен экономикага салым кошкон кыргызстандык ишканалар [тизме]

Кыска кабар | 10 мая 2019 | 1435 | 0

Жакында эле «2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чара Кыргызстандагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жана АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин колдоосу менен өткөрүлдү. Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Мыкты экспорттоочу – 2018» сынагынын сыйлыгын жеңүүчүлөргө өз колу менен тапшырды.

Сынактын жыйынтыгына ылайык «Жеңил өнөр-жай тармагынын мыкты экспорттоочусу-2018» номинациясына ЖЧК «Cool Bro’s» — текстиль ишканасы ээ болду.

Ал эми «Колбаса өндүрүмүнүн мыкты экспорттоочусу-2018» номинациясына ЖЧК «Адал Азык» (Тойбосс фирмасы) ээ болду.

Дагы бир «Жеңил өнөр-жай тармагынын мыкты экспорттоочусу -2018»  номинациясы  «Элегант Сокс» ЖЧКсына ыйгарылды.

Ошондой эле  ЖЧК «ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (ТЕХТILE TRANS) — «Чүй облусунун мыкты экспорттоочусу – 2018» деп табылды.

Дагы бир ишкана ЖЧК «Базико Стайл» да «Жеңил өнөр-жай тармагынын мыкты экспорттоочусу — 2018» номинациясына татыктуу болду.

Ал эми «Бал өндүрүүнүн мыкты экспорттоочусу- 2018» номинациясына «Аман-Гринфуд» ЖЧКсы татыктуу деп табылган.

«Аман-Гринфуд» ЖЧКсынын негиздөөчүсүнүн бал өндүрүү жана сатуу боюнча маегин бул шилтемеден көрө аласыздар:

Кошумчалай кетсек, «Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу» сынагы аркылуу ата мекендик өндүрүмдү экспорттоонун эсебинен өлкөнүн экономикасына салым кошкон жергиликтүү алдыңкы ишкерлердин эмгеги бааланып келет. Бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM