Биз менен байланышыңыз

Көлмө конушундагы үйдөн өрт чыгып, 7 балалуу үй-бүлө көчөдө калды (сүрөт)

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 1647 | 0

Бишкектин Көлмө конушундагы турак үйдөн өрт чыгып, 7 балалуу үй-бүлө көчөдө калды. Бул тууралуу аталган конуштун тургундары «Маралга» кабарлашты.

Алынган маалыматка караганда, кечээ күндүзгү саат 12лер чамасында аталган конуштун Дастан көчөсүндөгү № 26 үйдөн өрт чыккан. Ал маалда үйдө үй ээсинин апасы гана болгон. Өрттү байкап калган коңшулары Өрт өчүрүү кызматына, андан соң үй ээсинин жубайына кабар беришкен. Ал өрт өчкөндөн кийин келген.

Ал эми иске ууланып калган апасын коңшулар алып чыгышып, Тез жардам унаасы менен ооруканага жеткиришкен. Өрт электр жабдууларын абайсыз колдонуудан улам чыккан деп болжолдонууда.

Конуштун тургундары 7 балалуу үй-бүлө учурда короосуна боз үй тигип жашап жатышканын айтып, кайрымдуу адамдардан жардам сурашат.

Байланыш телефону: 0700 752 905

Элсом капчыгы: 0700 75 29 05

Copyright © 2017 Maral FM