Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Улуу Жеӊиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө

Кыска кабар | 9 мая 2019 | 709 | 0

9-май Улуу Жеӊиштин 74 жылдыгы Ысык-Көл облусунда да салтанаттуу белгиленүүдө.

Аймактан кабарчыбыздын билдиргендей, облус борбору Каракол шаарында майрамдык салтанаттын алкагында расмий өкүлдөрдүн жана шаар тургундарынын катышуусунда «Түбөлүк полк» жүрүшү болуп, Жеӊиш багына чейин уланды.

Согушта курман болгон жоокерлерге арналган «Ѳчпөс отко» гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Ошондой эле, митинг-реквиемде аза күтүү минутасы жарыяланып, аскердик залп берилди.

Ал эми расмий иш-чараны Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов ачып, облус жетекчилери жана шаардагы бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөштү.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 29 ардагери калды. Майрамдык салтанаттын урматына ар бир ардагерге президенттик фонддон 20 миӊ сом, облус жетекчилигинен 10 миң сом, ал эми Каракол шаардык мэриясынан 10 миӊ сом жана социалдык фонддон 5 миӊ сом тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM