Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк аукциондо тыйындарды баштапкы баасынан 1,4 эсе жогору сатты

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 431 | 0

Улуттук банк аукционго койгон тыйындар топтомунун 40 даанасын баштапкы баасынан 1,4 эсе жогору баа менен 324 миң сомго сатты.  2 алтын жана 38 күмүш тыйындардын баштапкы баасы 236 миң сом болгон. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аукционго жалпысынан 17 адам катышты. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган тыйын эң кымбат — 80 миң сомго сатылды. Баштапкы баасы  23 миң сом болгон.

Эске салсак, өткөн жылы Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондо тыйындар баштапкы баадан 2,3 эсе кымбат сатылган.

Copyright © 2017 Maral FM