Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Депутаттар соцтармактагы сөздөрдү сүйлөп калдык

Кыска кабар | 8 мая 2019 | 800 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык тармактагы маселелерди көтөрүп, сөз кылып калды. Мындай баасын парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева айтып чыкты. Эл өкүлү жалпы жыйында журналист Ыдырыс Исаков менен Жалил Атамбаевдин маселесин да козгоду. Атамбаевдин доо арыздан баш тартканын айтып, бул ишти эми депутаттар улантышы керек деген чакырык таштады.

— Доо арызды кайтарып алуу — коррупцияга каршы күрөштүн жеңиши эмес. Азыр Атамбаев канча салык төлөбөй келгени боюнча иликтөө жүрүп жатат. Биз аны көзөмөлдөшүбүз керек.

Депутат демократиянын эң башкы өзөгү сөз эркиндиги экенин эске салып, фейк маалымат менен иликтөөнү айырмалай билүүгө чакырды. Фейк маалыматтарга каршы күрөш жүрбөй, каралоо улана берсе 2020-жылдагы шайлоого терс таасир этерин да эскертти.

— Уран көйгөйүн, Жалил Атамбаевдин маселесин депутаттар көтөргөн жок. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Уранды эл көтөрүп, андан кийин депутаттар реакция кылды. Мындай орчундуу көйгөйдү журналисттер алып чыкпаса, депутаттар көтөрө албай жатабыз. Биз да социалдык тармакта ушундай сөз болуп жатат деп сүйлөп калдык.

Депутаттар көйгөйлөрдү өздөрү көтөрүп чыгуусу керектигин айтып, учурда социалдык тармакта чуу чыкса гана реакция кылып калганын кошумчалады.

Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду сотко берди

Copyright © 2017 Maral FM