Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда инфраструктуранын жоктугунан кетип калган инвесторлор да бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 501 | 0

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Адылбек Шумкарбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде инвестиция тартып келип, долбоорлорду ишке ашырууда мониторингди күчөтүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу кечиктирилбеши керек.

«Биз компаниялар менен сүйлөшүп келип, бирок долбоорду ишке ашырууда каалагандай жыйынтык көрсөтө албай жатабыз. Мындан улам, өкмөт башчы же  вице-премьер-министрдин деңгээлинде мониторингди күчөтүү зарыл. Экинчиден, электр булактарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн көрсөткүчү төмөн экени да артка тартып коюуда. Айрым инвесторлор кошумча кубаттуулук алалы десе, электр кубаттуулугу жетишпейт. Ошондуктан бул жерде инфраструктура жок деп кетип калган инвесторлор да бар. Ири компанияларды алып келип, тийиштүү шартты өзүң түз десек, инвестор ойлонуп калууда», — дейт Шумкарбек уулу.

Ал өлкөдө ишкер визаны берүүдө да кечигүүлөр болорун айтып өттү. Буга кошумча, инвестиция тартуу үчүн эл аралык аренага чыгуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Эл аралык аренага чыгууга көңүл бурулуп келет. Бизнес форум өткөрүүгө көп каражат талап кылынат. Мындан улам, 1-2 кызматкер Кыргызстан тууралуу маалымат беришүүдө. Андан сырткары, Тышкы иштер министрлигинде экономикалык дипломатия түзүлүп жатат. Ал да инвестиция тартууга көмөкчү болот. Ошондой эле, Кыргызстандын спутнигин учурсак, чет элдиктерге өлкөдөгү инвестициялык климатты көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болмок. Бул боюнча Европалык компаниялар кеңеш берген. Бирок бюджеттин тартыштыгынан улам, спутникти өзгөртүү долбоорун ишке ашыра алган жокпуз», — дейт Шумкарбек уулу.

Ал маалымдагандай, Бишкек, Ош шаарынан башка аймакта ишке ашырылган долбоор салыктын 4 түрүнөн 5 жылга бошотулат.

«Бул жер-жерлерде инвестициялык климаттын өсүшүнө шарт түзөт. Кыргызстанда ташты ээритип курулушка, космос, кеме курууга тиешелүү материалды жасай турган ишкана курууга аракет кылып, инвесторлорду кызыктырып жатабыз», — дейт Шумкарбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM