Биз менен байланышыңыз

«Быйыл 90 млн сомдук инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 683 | 0

2019-жылы 90 млн. сомдун тегерегиндеги каражатка инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат. Бул тууралуу Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Адылбек Шумкарбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, июнь айынан тарта инвестициялык карта иштеп баштайт.

«Инвестициялык карта жасадык. Анда ар бир облустун тармактарга жараша инвестициялык долбоорлору, ар бир аймактын паспорту болот. Сырткы инвесторлор Кыргызстанга келбей эле долбоорлор тууралуу маалымат ала алат. Мындан сырткары, карта тийиштүү инфраструктуралар тууралуу да маалыматтарды  камтыйт. Өзүбүзгө тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууда компетенция жетпей калган учурлар бар. Алсак, аймактардан долбоорлор бизнес пландары менен эмес, идея түрүндө гана келип жатат. 200гө жакын инвестициялык идея бар«, — дейт Шумкарбек уулу.

Ал маалымдагандай, 2018-жылы Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги алып барган долбоорлордун 8и бүткөн. Жардыргыч заттарды чыгарган завод ишке кирген. Кыргыз-индус ишканасы, гемодиализ болборлору ачылган. Анын арты менен 200дөй жумушчу орун түзүлгөн. Иштеп баштаган компаниялардан 3 млн. сомдун тегерегинде салык түшкөн.

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин социалдык тармактарда баракчасы бар. Ал жерге ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалыматтар чыгарылат.

«Көп учурда жакшы маалымат да негативдүү кабыл алынууда. Позитивдүү маалымат таркатууга муктажбыз. Эми блоггерлерди топтоп, ийгиликтүү долбоорлорго экскурсия уюштуруу ниетибиз бар», — дейт Шумкарбек уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM