Connect with us

Дүйнөлүк авиакомпаниялардын рейтинги — 2018

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Май 2019 | 827 | 0

Air Help Score сайты 3 категориянын негизинде авиакомпаниялардын деңгээлин текшерген. Тактап айтканда, тейлөө сапаты, тактыгы жана кайрылууларга кылган мамилеси аркылуу салыштырып, статистика чыгарган. Саякаттоодо оптималдуу каттам коштоп жүрсүн десеңиз, авиакомпаниялардын кызматынан кабардар болуңуз. Учууда билеттин баасынан өткөн мааанилүү нерселер да бар.

Көрсөткөн кызматы, оперативдүүлүгү боюнча алдыңкы бештикке кирген авиакомпаниялар(ондук упай менен):

  1. «Qatar Airways» авиакомпаниясы, Катар — 9,08 упай;
  2. «Lufthansa авикомпаниясы», Германия — 8,57 упай;
  3. «Etihad Airways» авиакомпаниясы, Бириккен Араб Эмираттары — 8,43 упай;
  4. «Singapore Airlines» компаниясы, Сингапур — 8,33 упай;
  5. «South African Airways» компаниясы, Түштүк Африка — 8,31 упай;

Бизге таанымал Түркиянын «Turkish Airlines» авиакомпаниясы көрсөткөн кызматы боюнча 7,94 упай менен 15-саптан орун алган. Ал эми Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы 6,97 упай менен 55-орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM