Биз менен байланышыңыз

Москва: Авиакырсыкта каза болгондордун үй-бүлөсүнө 5 млн. рубль төлөнөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2019 | 577 | 0

Sukhoi Superjet-100 учагындагы кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөсүнө 5 млн. рублга жакын компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Орусиянын транспорт министри Евгений Дитрих билдирди.

Министрдин айтымына караганда, кырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына 3 багытта компенсация төлөнөт. Биринчиси, камсыздандыруу компаниясынан, экинчиси, каза тапкан адам каттоодо турган аймактан, үчүнчүсү, авиакомпаниядан берилет.

Белгилей кетсек, Москвадан Мурманск шаарына жөнөгөн учак авариялык кырдаалдан улам кайра конуу учурунда өрттөнүп кеткен.

«Sukhoi Superjet-100» (SSJ-100) учагы Шереметьево аэропортуна конгон учурда өрт жалмаган. Кырсыктын кесепетинен 73 жүргүнчүлүү, 5 экипаждуу учактын 40 жүргүнчү, 1 экипаж мүчөсү көз жумган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM