Биз менен байланышыңыз

Индиядагы «Фани» бороону Пури шаарын кыйратып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 4 мая 2019 | 670 | 0

Индияда болгон катуу бороон Пури шаарын чоң кыйроого жеткирди. Бул тууралуу Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Индиянын Орисса штатындагы Пури шаарынан башталган «Фани» бороону бак-даракты тамыры менен жулуп, шаар ичиндеги бир канча имаратты кыйратып кеткен. Бороондун кесепетинен 8 адам каза болгону акыркы маалыматтарда айтылат. Шаардагы электр байланыштары үзүлүп, жолдору жабылып калган. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик аэропортту жана темир жолду убактылуу жаап, шаарга куткаруучулардан башкалардын кирүүсүнө тыюу салган.

Индия бийлиги учурда шаардын миллиондон ашуун тургунун коопсуз жайга көчүрүп кетүүгө үлгүргөн. Штат жетекчилигинин берген маалыматында, алар учурда убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилгенин, бийлик тарабынан тамак-аш, ар кандай жардамдар берилип жатканы айтылат.

Жергиликтүү метеорологдордун божомолунда, бороондун күчү саатына 160 километрге чейин жеткен.

Учурда бороон Индостан жарым аралын жээктеп, Бангладеш мамлекетине жана Батыш Бенгалияга өткөн.

Эске салсак, мындай бороон жыл сайын апрель айынан декабрь айына чейин маал-маалы менен жүрүп турат. Айталы, 1999-жылы да болгон дал ушул «Фани» бороону 30 сааттан ашык убакытка созулуп, 10 миң адамдын өмүрүн алып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM