Биз менен байланышыңыз

Баткенде биоинспекторлор даярдалууда

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 400 | 0

Баткен районундагы «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү биоинспектордук окутуудан өтүп жатат. Бул тууралуу аталган кооперативдин башчысы Турсунали Төлөмүшов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Жалал-Абад облусундагы «БиоФермер» кооперативинин кеңешчи адистери баткендиктерге биоинспектор болуунун жолдорун үйрөтүп жатышат.

Иш-чара Баткен биофабрикасынын демилгеси менен уюштурулуп, Ага Хан Фондунун колдоосунда өтүп жатат.

«Буюрса, окуудан өткөн биоинспекторлор келерки жылдары Баткен аймактык биофабрикасынын адистери менен биргеликте облустун аймагына органиканы жайылтуу, фермерлерди окутуу иштерин жүргүзмөкчү», — дейт «Алыш-Дан» айыл чарба кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM