Биз менен байланышыңыз

Бекешов: Батукаев боюнча депутаттардан да маалымат алуу керек

Күн чекит | 3 мая 2019 | 673 | 0

Батукаев фамилиясы кайрадан жанданды. Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кылмыш ишин тергөөнүн алкагында эки онколог кармалып, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн дарыгерлер Азиз Батукаевге «рак оорусу менен жабыркайт» деген аныктама беришкен.

Биз бул теманы айланасында «Күн чекит» программасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен маек курдук.

— Убагында «Кримтөбөл Азиз Батукаев айыккыс дарт менен жабыркайт», — деп корутунду чыгарып берген дарыгерлер тобунун ысымдары аталып, алардын айрымдарына кылмыш иши козголгону айтылууда. Демек, бул иштин аркасында чон саясий күчтөрдүн колдоосу, таасири бар экенинен кабар береби? Иш адилет иликтенерине ишеним барбы?

— Соттук процесс кандай иш алып барат билбейт экем. Бирок, бул жерде бир маселе бар, биз ишти алты жыл мурун көтөргөнбүз. Ошондо эле токтомдорду чыгарып, тапшырмаларды укук коргоо органдарына бергенбиз. Менин оюмча, укук коргоо органдарынан бирөө ошол ишке кызыктырып, атайын жылдырбай кармап туруп, мүмкүн эми козготуп баштады. Ачыгын айтканда, аларга ким буйрутма бергенин таба алышпайт. Мүмкүн, ошол эле байкуш догдурларды жоопко тартышы ыктымал. А бирок, буйрук берген чоңдорун жоопко тартабы? Ал — өзүнчө маселе. Ошол адамдарды тактап, иликтеп, анан жазасын берсе жакшы болмок. Бул жерде эч кандай саясий күрөш болбошу керек. Анткени, бул жагдайдан көптөрү пайдаланып калышы толук ыктымал. Маселен, Атамбаевге тийишип, анын катышы бар деп да чыккандар болот. Ошондуктан, ишти так жана фактыга гана таянып туруп жүргүзүү кажет.

Батукаевдин ишинде дарыгерлер гана эмес, башка күч түзүмдөрүнүн (прокуратура, жаза аткаруу кызматы) да тиешеси болушу мүмкүнбү?

— Бул жерде бир гана дарыгерлерди жоопко тартыш керек эмес, өйдөдөн жардам берилгени ачык эле көрүнүп турат. Себеби, ак халатчандар жөндөн-жөн эле, өзүлөрү билип жасай беришпейт да. Жогору жакта ким турганын ачык айта албай жатышпайбы. Комиссиянын жыйынтыгын караганда, депутаттык текшерүүлөр болгон. Алар иштеп жатып айтышты, «Башкы прокуратурадан жана Жаза аткаруу органдарынан, ошондой эле, милициядан бирөө жардам берген», — деп. Батукаевди чыгаргандан кийин кимдир бирөө аэропортко коштоп барып, учакка отурганга чейин көзөмөлдөп турган. Ал боюнча видеотасма деле бар. Бул кадамдар даярдыктын күчтүү болгонунан кабар берип турат. Ошол кездеги соттор бат-баттан чечим чыгарышып, оперативдүү иштешкен. Башка учурда соттор эч качан ошол убакта иштегендей иштешпейт.

— Иштин акыйкатына жетиш үчүн көз карандысыз иликтөө да жүргүзүлүшү керекпи?

— Депутаттардан фактыларды алып, бул боюнча текшерүүлөрдү жасаш керек. Биз ошондо эле колубуздагы болгон материалдарды бергенбиз. Негизи бул иш бир эле айда бүтмөк, булар алты жылдан да ашык убакытка созуп жатышат. Так аныктамалар бар, далилдер бакыйып көрүнүп турат. Ошол кезде ким кайсы милдетти аткарган, жаза аткаруу органынан ким сотко кайрылды? Кайсы сот чечим чыгарган? Кайсы прокурор ага макул болду? Алардын бардыгы эле белгилүү! Ошол чынжыр менен кете берсек, баарынын айыбы ачылат. Аларды тапкандан кийин, чогултуп суракка алыш керек. «Өйдөдөн ким буйрук берди? Кимдер үстөмөндүк кылды?» — деген сыяктуу суроолорду берсе, оңой эле табылат.

Copyright © 2017 Maral FM