Биз менен байланышыңыз

Ырчы Григорий Лепске Литва өлкөсүнө кирүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 581 | 0

Мындай чечимдин кабыл алынышына Литва Парламентинин «Ата журт кошууну — Христиандык демократия» (Союз Отечества — Христианские демократы) оппозициялык-консервативдик партиясынын бир катар депутаттары демилгечи болгон.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Ева Дирмайте билдиргенин «Тасс» маалымат булагы жазды.

«Тышкы иштер министрлигинин өтүнүчү менен ИИМдин башчысы аталган жаранды Литвага кирүүгө тыюу салуу боюнча буйрук чыгарды», — дейт ал.

Буга байланышкан кайрылууну ТИМ башчысы Линас Линкявичюс 19-апрелде жазган.

Мындай чечимдин чыгышына ырчынын Орусиянын тышкы агрессиялык саясатын колдогону себеп болгону айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM