Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонддун кызматкери пара алып кармалды

Кыска кабар | 3 мая 2019 | 418 | 0

2-майда Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К. А. 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ошол документтерди жабуу керектиги аныкталган.

Ишкер салык органдарына жана Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган.

Ага карабастан, кармалган К. А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган.

Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө каралаган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM