Биз менен байланышыңыз

Малайзия: Ким Чен Намдын өлүмүнө тиешелүү вьетнамдык айым бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2019 | 433 | 0

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын бир тууганы Ким Чен Намдын өлүмүнө тиешеси бар делген вьетнамдык айым боштондукка чыгарылды. Малайзия бийлиги айымды күнөөсүз деп тапкан. Бул тууралуу New Straits Times басылмасы билдирди.

Жактоочу вьетнам жараны Доан Ти Хуоңдун жакын арада өз өлкөсүнө кайтарын айткан.

Эске салсак, Ким Чен Нам 2017-жылы Куала-Лумпур шаарынын аэропортунда киши колдуу болуп өлгөн. Көп өтпөй Малайзия соту «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын бир туугандарын ууландырган»​ деп шек саналган индонезия жана вьетнам жарандары болгон 2 аялды кармаган болчу.

Мындан эки ай мурда шектүү делген индонезиялык аял Сити Айсианын соту болуп, күнөөсүз деп табылган. Ал эми Вьетнамдын жараны, 30 жаштагы Доан Ти Хуоңдун соту кийинкиге калтырылган эле.

Малайзиянын бийлиги бул кылмыштын артында Түндүк Кореянын бийлиги турарын болжолдошкон. Себеби, 2000-жылдардын башынан бери чет өлкөдө жашаган Ким Чен Нам өз үй-бүлөсүн ачык сындап жүрчү. Бирок, көптөгөн аналитиктер Ким Чен Ындын агасын өлтүрүүгө эч кандай негиз болбогонун айтышууда.

Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин тун баласы эле. Ким Чен Ын экөөсү энелери башка аталаш бир туугандар. Ким Чен Нам КЭДР лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок ал, 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда келишпестиктер жаралган.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM