Биз менен байланышыңыз

АКШ: Давенпорт шаары суу астында калды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2019 | 687 | 0

АКШнын Айова штатындагы Давенпорт шаары суу астында калды.

Маалыматтарга караганда, суу ташкын Миссисипи дарыясындагы тосмонун жарылып кетүүсүнөн улам болгон. Учурда суунун деңгээли 1,8 метрге чейин жеткен. Шаар тургундары аман калуу үчүн үйлөрдүн чатырына чыгып кеткен.

Учурда куткаруу тобу калаа тургундарын коопсуз жерлерге алып чыгып кетүүнүн аракетин көрүп жатышат. Атайын жумушчу топтун дарыяны бөгөө аракетинен майнап чыкпай, тосмолорун улам жырып кетип жатканы айтылат. Жергиликтүү метеорологиялык кызматтан билдирүүчүнө караганда, суунун деңгээли мындан да көтөрүлүшү мүмкүн.

Маалымат The Weather Channel аба ырайын маалымдоочу тиркемеден көчүрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM