Биз менен байланышыңыз

Атамбаев-журналист: Сот кимди жактайт?

Коом | 1 мая 2019 | 759 | 0

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин мамлекетке салык төлөбөй, мыйзамсыз алып иш алып барганы тууралуу иликтөө жасаган. Бирок Жалил Атамбаев иликтөөдө көрсөтүлгөн фактыларды четке кагып, журналистти сотко берип, 50 млн. сом төлөп бериши керек деп жатат.

«Азаттык» үналгысынын Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «салыктан буйтаган ишкерлерди» иликтеген көрсөтүү даярдаган. Анда Оштогу таасирдүү ишкер делген Жалил Атамбаевге таандык бир канча ишкананын мамлекетке жарытылуу салык төкпөй келгени да чагылдырган. Тасма коомчулукка тарап, талкууга түшүп, а түгүл парламентке чейин көтөрүлгөн. Бирок ишкер Жалил Атамбаев өзүнө коюлган дооматтарды четке кагып, журналист Исаковду сотко берди. Ишкер Атамбаев Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү соттон суранган. Ал иликтөөдө айтылган жагдайлар Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматтарына негизделбеген деген жүйөнү карманууда.

Ал эми журналист Ыдырыс Исаков Жалил Атамбаевдин сотко кайрылууга жарандык укугу бар экенин белгилейт. Бирок, ал бул иликтөөсүн фактыларга гана таянып жасаганын, дагы жарыялана элек көптөгөн далилдер бар экенин айтып, соттун адилеттүү чечим кабыл алуусун күтүп жатканын билдирди.

— Ар бир жарандын сотко кайрылуусуна мыйзам жол берет. Жалил Атамбаев да мыйзамдуу укуктун негизинде сотко кайрылып жатат. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү боюнча, соттордун таза иш алып баруусу жөнүндө көп эле айтып келатат, ушундан улам, таза жана акыйкат чечим чыгат деп үмүт кылуудамын. Аталган иликтөөнү эки ай жасадым, өзүңүздөр билгендей эки айлык материалды жарым сааттык видеого батырыш оордук эле кылды. Болгону, биз ал адамдын артынан түшүп албайлы деген таризде негизгилерди гана чыгарып койгонбуз. Менде дагы элге жете элек ошончо материалым бар. Азыр Ош шаарынын эли да бир канча фактыларды алып келип берип жатышат. 17-майда сот кандай чечим чыгарат, көрөбүз да.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүнкү күндө чиновниктер журналисттерди сотко берип, акча өндүрүү аркылуу өзүлөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүнү көздөп жатат деп эсептейт. Бүгүнкүгө чейин мындай окуялар көп эле болуп келсе да, милициянын мурдагы полковниги өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын 50 млн. сомго баалаганына таң калып турган кези.

— Буга чейин деле канчалаган чиновник сотко арыз жазып, журналисттерден акча өндүрүп келген. Бүгүнкү күндө ошол адамдар өзүлөрүнүн кадыр-баркын көтөрүү максатында бул кадамдарга барып калышты. Айталы, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын телеканалын сотко беришип, 100 миң сомдук айыпка жыгышкан. Отставкадагы полковниктин 50 млн. сомдук доо койгонуна таң калдым. Демек, бул «өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын ошончо суммага баалады» дегенди билдирет да.

Ал арада «Журналисттик иликтөө» фондунун жетекчиси Айбек Турдалиев, журналисттер коррупциялык иштерди иликтөөдө ар кандай кысымдарга кабыларын жана жашоосу бир топ коркунучта экенин айтат. «Себеби, мыйзамсыз байыгандар сөзсүз «каралар» менен иштешет жана ал нерселерди ачыкка чыгарбаш үчүн журналисттер тарапка коркутууларды жасайт», — дейт Турдалиев.

— Журналисттер коррупциялык иштерди иликтеп баштаганда эле кандай кадам таштап жаткандарын билет. Ошондо эле чалуулар, коркутуулар сыяктуу кысым башталат. Сотко чейин да, сотко бергенден кийин да, андай көрүнүштөр кайталана берет.

Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегеновдун пикиринде, журналисттер иликтөө жасаганда, сөзсүз түрдө юридикалык түшүнүккө ээ болуп, журналистикалык этиканын негизинде иш алып баруусу керек. Сотко арыз менен кайрылган жагдай боюнча чочулоонун кажети жок, эгерде журналист фактыга таянып иликтөө жасаса, сот адилеттүү чечим чыгарат.

— Мындай ишти бир гана жүрөгүндө жалыны бар, тайманбаган адам жасайт. Билими күчтүү, талыкпаган эмгектерди жасаган адамдар гана бул нерсени аткара алат. Коомчулукта: «Ушундай коркутуп-үркүтүү боло берсе; соттор журналисттерден акча өндүрүп бере берсе; анда иликтөөнү ким жасайт?» — деген ой пайда болушу мүмкүн. Эгерде бардыгы мыйзамга жана фактыга таянып жасалса, соттон коркуштун кажети жок.

Эскерте кетсек, Ыдырыс Исаковдун «Ош: Салыктан буйтаган «ишкерлер» аттуу иликтөө материалы мындан эки жума мурун коомчулукка жарыяланган. Анда Жалил Атамбаевдин ишканалары төкпөгөн салыктардын көлөмү жылына 40 млрд. сом экени айтылган. Бул видеоматериал Ютуб видео хостингинде 388 897 жолу көрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM