Биз менен байланышыңыз

Германияда Рамазан фестивалы үчүн тигилген чатырларга кол салуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 775 | 0

Германиянын Дортмунд шаарындагы орозо айынын урматына немис-түрк «Рамазан» фестивалын өткөрүү үчүн тигилген чатырларга белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болуп, айрымдарына II дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия тарабынан колдонулган эн белгини тартып кетишкен. Бул тууралуу Түркиянын маалымат каражаттарына аталган фестивалды 8 жылдан бери уюштуруп келаткан Ергүн Өзкара билдирген.

Ал маалымат каражаттарына кол салуу экинчи ирет кайталанып жатканын, алгачкысында суу түтүктөрүн талкалап кетишкенин, анын айынан чатырлардын ичине суу толуп, араң тазалашканын айтып берген.

Экинчи ирет кайталанып жаткан кол салууда коопсуздук үчүн курчалган болот кашаанын бир тарабын кулатып киришип, айрым чатырларга жана кашаанын экинчи тарабына каланган брезенттин бетине эн белгилерди тартып кетишкен.

Учурда аталган аймакка Германиянын полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышканын кабарлайт түрк басылмалары.

Copyright © 2017 Maral FM