Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин 1,5 жылга кыскартты

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 878 | 0

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кайрадан карап, 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды.

Отурумда Жогорку соттун судьясы Шерали Камчыбеков төрагалык кылып, прокурорлордун келтирген өтүнүчүн канаттандырды. Жаңы кабыл алынган кодекстердин негизинде иши кайрадан каралып, жазасы бир жарым жылга кыскартылды.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл 6 айга кесилген.

Copyright © 2017 Maral FM