Биз менен байланышыңыз

ӨКМ эскертет: Туруксуз аба ырайы сакталып, катуу жаан жаашы күтүлөт

Кыска кабар | 30 Апр 2019 | 553 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 30-апрель, 2-3-май күндөрү Кыргызстандын аймагында күн сууктап, катуу жаан жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Copyright © 2017 Maral FM