Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкек шаарынын күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 612 | 0

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленип жатат. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада ырчылары Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор «Инсан», «Элес» топтору, ырчылар Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Бүгүн саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар, ат оюндары калаа боюнча 19-апрелде эле башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM