Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарынын күнүнө карата өтүлүүчү иш-чаралардын программасы

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 686 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы бүгүн, 29-апрелде шаардын 141 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын программасын жарыялады.

Алсак, кечээ Эркиндик бульварындагы Курманжан Датканын эстелиги жайгашкан аймакта башталган «Хенд Мэй» жарманкеси бүгүн да саат 10:00дөн 19:00гө чейин ишин улантат.

Ошондой эле, учурда Дубовой паркта шахмат боюнча турнир, 3-кичирайондогу «Жаштык» маданият клубунда концерт, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде цирк оюндары, Жаштык аллеясында «Пишпек-Фрунзе-Бишкек» жана Чыңгыз Айтматовдун сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган аллеяда көргөзмөдөн тышкары, ар кандай спорттук жана көңүл ачуучу оюн-зоок программалары уюштурулган.

Тоголок Молдо эс алуу багында «Пишпек-Фрунзе-Бишкек» аталышындагы китеп жана сүрөт көргөзмөсү саат 14:00гө белгиленди.

Аламүдүн-1 аймагындагы Көлбаев көчөсүнүн борбордук бөлүгүндө саат 15:00дөн 17:00гө чейин жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы спорттук мелдештер өтөт.

«Айчүрөк» соода үйүндө саат 15:00дөн 17:00гө чейин «Аура» джаз тобу концерт тартуулайт.

Мааракенин эң негизги бөлүгү бүгүн саат 18:00дө «Ала-Тоо» аянтында болот. Анда чоң программадагы концерт уюштурулуп, кыргыз эстрада жылдыздарынан тышкары, Орусиядан ырчы Согдиана, Өзбекстандан «Ялла» тобу да конок катары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM