Биз менен байланышыңыз

Чүй проспекти убактылуу жабылат

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 691 | 0

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгына карата «Ала-Тоо» аянтында өтүүчү мааракелик салтанатка байланыштуу шаардын Чүй проспектинин Эркиндик бульварынан Логвиненко көчөсүнө чейинки аралык иш-чара бүткөнчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, коопсуздукту сактоо максатында аталган аймактын сегиз жерине өткөрмө пункту коюлуп, аларды Жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери көзөмөлгө алат.

Ошондой эле, иш-чаранын тартибин көзөмөлдөө үчүн миңден ашуун милиция кызматкери ишке тартылат.

Copyright © 2017 Maral FM