Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Кытайдын төрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 825 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Си Цзиньпинь Кытай Кыргызстан менен кызматташууну каалай турганын жана анын өнүгүп жатканын көргөнгө кубанарын билдирди.

«Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү, досу болгон жана болуп кала берет. Биз «Бир алкак – бир жолдун» алкагында мындан ары да кызматташтыктын дараметин ача берүүгө даярбыз», — деди Кытайдын төрагасы.

Си Цзиньпинь Сооронбай Жээнбековдун июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү тууралуу чакырыгын кабыл алганын маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» II форумунун натыйжалары бүт дүйнө коомчулугу үчүн тарыхый мааниге ээ болоруна ишенимин билдирип, демилге бардык катышуучу өлкөлөргө бакубатчылык алып келерин белгиледи.

«Ушул эки күн ичинде дүйнө жүзү сизден биргелешип өнүгүүнүн жана жер шарында бакубатчылыкты сактоонун жөнөкөй жана натыйжалуу жолдорун уга алды. Биз «Жашыл» жана «Чынчыл» жибек жолунун алкагында сиз сунуш кылган приоритеттерди толугу менен колдойбуз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчылары транспорт жана жолдор, анын ичинде темир жолдор байланышы, терроризмге жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүү, коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Ошондой эле, Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоону көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригацияны өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да сүйлөшүлдү.

Тараптар гуманитардык чөйрөдө, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташтыкты активдештирүү зарылчылыгы тууралуу бирдиктүү көз караштарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM