Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Ата журтуна келди

Кыска кабар , Спорт | 28 Апр 2019 | 724 | 0

Азия оюндарынын 3 жолку чемпиону, балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн таңкы 8де Мекенине келди. Бул тууралуу Айсулууну тосуп алууну уюштургандар кабарлады.

Тосуп алгандардын айтымында, Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков түшкөн учак Кытайдан бүгүн таңкы 8ден 8 мүнөт өткөндө, «Манас» эл аралык аэропортуна конгон. Аларды коомдук ишмерлер Жамалбек Ырсалиев, Мырза Добутов баштаган мекендештери туу көтөрүп, атайын белек-бечкектер менен тосуп алышкан.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 26-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 62 кило салмактагылар арасында алтын медаль тагынган. Бул балбан кыздын Азия чемпиондугунда алган үчүнчү алтын медалы. Буга чейин 2016-жылы жана 2017-жылы да алтын медаль алып, Азиянын чемпиону аталган.

Copyright © 2017 Maral FM