Биз менен байланышыңыз

Агрардык саясат боюнча комитет Ош облусунда көчмө жыйын өткөрөт

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 395 | 0

29-апрелде Ош шаарында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети Ош облусунун айдоо жерлеринде сугат суунун жетишсиздиги жана ирригациялык системасынын начарлоосунда Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилигин караган көчмө жыйын өткөрөт.

Көчмө жыйындын катышуучулары Ош облусунун Ноокат районундагы ички чарбалык каналдардын абалы менен таанышат. Ошондой эле, аталган маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, донорлор жана жергиликтүү коомчулук менен чечүүнүн жолдору талкууланат.

 

Copyright © 2017 Maral FM