Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ындын Орусияга болгон алгачкы сапары аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 704 | 0

Түндүн Корея лидери Ким Чен Ындын Орусияга болгон алгачкы сапары аяктап, бүгүн, 26-апрелде брондолгон поезди менен Владивостоктон чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Ким Чен Ын кетер алдында Орусиядагы расмий визитин аяктоо салтанатына катышты. Салтанат шаардын борбордук Кызыл аянтында болуп, Түндүк Корея лидерин Орусиянын Ыраакы Чыгыш маселелери боюнча министри Александр Козлов коштоп жүрдү. Соңунда оркестрдин коштоосунда «Катюша» ыры менен вокзалга чейин жөө барды.

Бул сапар Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Орусияга келген алгачкы расмий сапары болду. Ал 24-апрелде өзүнүн брондолгон поезди менен Владивостокко келип, кийинки күнү Русский аралында Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM