Биз менен байланышыңыз

Саясий, коомдук күчтөрдүн экинчи курултайы өтөт

Кыска кабар | 26 Апр 2019 | 492 | 0

27-апрелде cаясий, коомдук күчтѳрдүн Экинчи курултайы өтөт. Бул тууралуу “Маралга” уюштуруучулар кабарлашты. Анда биринчи жыйында бийликке коюлган талаптардын аткарылышы боюнча маселе каралат. Ошондой эле бардык аймактарда кол топтоо башталат.

2018-жылдын 24-ноябрында саясий, коомдук жана мекенчил күчтѳрдүн  биринчи курултайы ѳткѳн. Анда бийлик бутактарына бир нече талап коюлган. Анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳө үчүн аткаруу комитети түзүлүп, отчетун быйылкы жылдын апрель-май айларында 2-курултайда берүү тапшырылган.

3 бийлик бутагына тѳмѳнкү талаптар коюлган:

-Жогорку Кеңешке Конституциялык реформа жасоо, «Кумтѳр» маселесин чечүү;

-Президентке улуттук дѳѳлѳт мурастарга кѳңул буруу, «Элдик курултай» мыйзамын кабыл алуу,

-Ѳкмѳткө паспорттогу «улуту» графасын калыбына келтирүү;

-Башкы прокуратурага саясий туткундардын ишин жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, чуулгандуу окуяларды аягына чыгуу талаптары.

Курултайдын уюштуруучулары жогорудагы талаптарды президент гана аткарганын, калган бийлик бутагы кат жүзүндө да жооп бербегенин айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM