27-апрелде cаясий, коомдук күчтѳрдүн Экинчи курултайы өтөт. Бул тууралуу “Маралга” уюштуруучулар кабарлашты. Анда биринчи жыйында бийликке коюлган талаптардын аткарылышы боюнча маселе каралат. Ошондой эле бардык аймактарда кол топтоо башталат.
2018-жылдын 24-ноябрында саясий, коомдук жана мекенчил күчтѳрдүн биринчи курултайы ѳткѳн. Анда бийлик бутактарына бир нече талап коюлган. Анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳө үчүн аткаруу комитети түзүлүп, отчетун быйылкы жылдын апрель-май айларында 2-курултайда берүү тапшырылган.
3 бийлик бутагына тѳмѳнкү талаптар коюлган:
-Жогорку Кеңешке Конституциялык реформа жасоо, «Кумтѳр» маселесин чечүү;
-Президентке улуттук дѳѳлѳт мурастарга кѳңул буруу, «Элдик курултай» мыйзамын кабыл алуу,
-Ѳкмѳткө паспорттогу «улуту» графасын калыбына келтирүү;
-Башкы прокуратурага саясий туткундардын ишин жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, чуулгандуу окуяларды аягына чыгуу талаптары.
Курултайдын уюштуруучулары жогорудагы талаптарды президент гана аткарганын, калган бийлик бутагы кат жүзүндө да жооп бербегенин айтышты.