Биз менен байланышыңыз

Бокоев: Парламент өкмөттүн отчетун эмес, президентти колдоду

Күн чекит | 25 Апр 2019 | 562 | 0

Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн берген отчетун канааттандырарлык деп тапты. Парламентте 103 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Биз бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев менен «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

Марал:— Эки күндөн бери эл өкүлдөрү Өкмөттүн отчетун талкууладыңыздар. Жыйынтыгына канааттандыңыздарбы?

Бокоев: — Элдин пикирин ой электен өткөрүп көрүп, жеке өзүм өкмөттүн бир жылдык ишине канааттанган жокмун.  Элдин баарына салыктардын суммасын көбөйтүп койдук. Мыйзам менен бекитилген бюджеттен бөлүнгөн акча толбой калды, калктын эң минималдуу айлык акысы 1750 сом деп эсептелип жатса, биз эң аз салыкты 3 миң сом кылып койдук. Булардын баарын көрүп туруп, кантип канааттанабыз? Жалпысынан бардыгы: «Колдойбуз, кемчиликтер бар, бирок, жылыга эле өкмөт башчыны алмаштыра бербеш керек», — дешти. Бирок, жылыга алмаштырбаш үчүн, жөн эле колдой бербеш керек да. Болгон кемчиликти айтып, тапшырманы берип, Жогорку Кеңештин токтомуна киргизиш керек. Андыктан, ойдогудай жасалбай калды. Мисалга алсак, ошол эле отчет алуунун сапаты көтөрүлгөн жок.

Марал: — Буга чейин бир топ эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишин байма-бай сындап келген эле.  Ошого карабай, дээрлик көпчүлүк добуш менен колдоп бердиңиздер. Пикирлердин мындай тез өзгөрүүсүнө эмне себеп болду?

Бокоев: — Менимче, өкмөттү президент колдоду. Өлкөдө ар кандай кырдаалдар болуп жатканда, убакыт бериш керек дегендей болду. Мындайча айтканда, өкмөттүн жоопкерчилигин президент өз мойнуна алды. Лидер өзү келип, өкмөттүн жасаган иштерин колдоп бересиңер дегенден кийин, парламент президентти сыйлап, өкмөттүн отчетун өткөрүп берет да.

Марал: — Өкмөттүн структурасы менен курамынын өзгөрөрүнө үмүт барбы? Канчадан бери өз түзүмүн алып келе албай жатат. Ошондой эле Өкмөттүн курамындагы кадрлардын сапаты да өтө төмөндүгү айтылып келет…

Бокоев: — Негизи 2018-жылда эле алып келмек, аны да узартты. Бул да болсо, алардын чоң кемчилиги. Ар бир өкмөттүн өзүнүн экономикалык, стратегиялык планы болуш керек. Алып келебиз, курамды жана түзүмдү жаңыртабыз дешкен, бирок беш-алты эле нерсени өзгөртүп коюшту. Биз күткөндөй жаңылык алып келе алышкан жок. Чечкиндүүлүк такыр жетишпей, ар бир реформага ишенимдүү кадам таштай алышпай жатат. Эми жол картасын 2023-жылга чейин жылдырышты. Мен ага такыр каршымын. Реформа дегенди 1 жылда аткарыш керек эле! 2020-жылда боло турган шайлоону жаңы багытта алып барып, ошол эле айылдардагы жергиликтүү шайлоолор жаңы формада өтүшү керек болчу. Бул иштерди өкмөт быйыл жасашы зарыл эле. А өкмөт 2023-жылга чейин чоюп жатат.

Марал:— Өкмөт отчетун кабыл алуу менен депутаттар дагы бир шанс берди. Эми реформалар башталат деп ойлойсузбу?

Бокоев: — Мен ишене албай калдым. Себеби, бүгүн айткан иштерди эртең барып аткара коёбуз дешкен жок. Мына биз кемчиликтерди көрдүк, эми иштей баштайбыз дегендей эле болду. Бирок, бир жыл кемчиликтерди көрүү үчүн өтө эле көп убакыт. Менимче, азыр андай убакыт жок. Андыктан, өкмөт реформага барышы зарыл, а андай кадамды ташташ үчүн чечкиндүүлүк керек.

Copyright © 2017 Maral FM