Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү! Кар көчкү жүрөт

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 406 | 0

26-апрелден 28-апрелге чейин жаай турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында, Чычкан капчыгайы, Көчкүлүү-Булак тилкесинде жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунун аймагында жүрүшү ыктымал. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Copyright © 2017 Maral FM